2019-ЖЫЛДЫН 25-ДЕКАБРЫНДАГЫ 213-ТОКТОМДУН 2-ТИРКЕМЕСИНДЕГИ “ОШ ШААРЫНЫН МҮЛКҮНӨ СЫРТКЫ ЖАРНАМА ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЬЕКТИЛЕРИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ КЕЛИШИМИ БОЮНЧА ТӨЛӨМДӨРДҮН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО ИРЕТИ” 2-ТИРКЕМЕСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗΥΥ БОЮНЧА НЕГИЗДЕМЕ МААЛЫМАТ.
“Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети” 2-тиркемесине өзгөртүү киргизүүнүн негизинде сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотууну жана пайдаланууну аныктоо үчүн колдонулат.
“Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети” 2-тиркемесине өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы – төлөмдөрдү жарнама жайылтуучу маалымат аянтына ылайык кабыл алуу.
Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерине өзгөртүү киргизүү төмөндөгү салыштыруулар менен аныкталат.
3-пункт: Ош шаарынын аймагында электрондук свето-диоддук экрандар үчүн зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасына аянтына карабастан бир айга 3000 сомдон эсептелинсин.
Жогоруда көрсөтүлгөн 3-пунктундагы сөздөрдү төмөндөгүдөй алмаштыруу зарыл.
3-пункт: Ош шаарынын аймагында электрондук свето-диоддук экрандар үчүн зоналык жайгашуусуна карабастан 2 чарчы метрге чейин 1000 сом, 2-10 ч.м. чейин 3000 сом, 10-30 чарчы метрге чейин 4000 сом жана 30 чарчы метрден ашуун 6000 сом. Электрондук жүгүртмө сап узундугу 2 метрге чейин 500 сом, 2 метрден ашуун 1000 сом деп өзгөртүү зарылдыгы бар.