Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт.
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт);
- иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку билим (багытына талап коюлбайт);
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
4. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
5. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
6. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
7. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2023-жылдын 3-февралы саат 18:00гө чейин Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.
• Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылыныт.
• Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт.
• Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрондук дареги так көрсөтүлүшү керек.
Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.