Ош шаарынын мэри Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Четверг, 26 Январь 2023 13:11

Ош шаарынын мэри Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 26-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Оштогу бөлүмдүн жетекчиси Балтагул Нурумбетов филиалдын ишмердүүлүгү жана борборлорунун иштери, ошондой эле жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Этномаданий борборлордун өкүлдөрү филиалдын имаратын оңдоп-түзөө, кичи долбоорлорго колдоо көрсөтүү, ошондой эле этномаданий борборлордун улуттук майрамдарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылышты.
Бакытбек Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн этностор арасындагы достукту, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле мэрия менен бөлүмдүн эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүрүп, сунуштар айтылды.
Окулду 1148 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });