Жаңылыктар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (1532)

Ош шаарынын аймагында жаңыдан курулуп жаткан 7 социалдык дүкөнгө сүт жана эт багытындагы азык түлүктөрдү шаардын тургундарына арзан баада сатуу үчүн, жеке ишкерлер арасында конкурс жарыялап, анын негизинде социалдык дүкөндөргө жайгаштырууга кабыл алабыз.
Кабыл алуу 25-июль күнү бүтөт.

Тел: 03222 7-06-77 0778 01 08 00.

Дарек: Заднепровский көчөсү-4, Муниципалдык менчик башкармалыгы.

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппарат кызматкерлеринин жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында футбол жана волейбол боюнча “Достук кубогу” мелдеши башталды.
Иш-чаралар КР Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик жактан өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Бул турнир КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.
Шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айыл аймагында ыйык Курман айт майрамында кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлдү.
Ага Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар, аксакалдар катышууда.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж тургундарга, карыларга, пенсионерлерге тамак-аш азык-түлүктөрү үйлөрүнө жеткирилди.
Бул акция буга чейин салтка айланып, ыйык Курман айт майрамында бардык Ош шаарынын тургундарынын башын бириктирип, муктаж жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулат.
Ош шаарында 9-июль күнү борбордук аянтта ыйык Курман айт майрамынын урматына майрамдык Айт намазы окулду. Ага калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.
Марс Исаев өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.
“Сиздерди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан, шаардын мэриясынын жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү ар бирибиз муктаж болгондорго жардам берип, ата-энелерге терең урмат-сый көрсөтүп, туугандарга, досторго зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран түшүрөбүз. Курман айт ар бир үйгө тынчтык жана береке, жылуулук жана кубаныч, биримдик жана ынтымак алып келсин! Майрамда бардык жакшы ниеттериңиздер, жакшы тилектериңиздер ишке ашсын!”, - деди М.Исаев.
Майрамдык Айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу коноктор!
Кымбаттуу мусулмандар!
Сиздерди бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн ыйык болгон Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулука жана кайрымдуулукка чакырат. Курман айт мусулмандар үчүн барга каниет кылып, ар бир инсанды мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү.
Бул майрамды жалпы эле мусулман инсандар диндер аралык ынтымак менен достукту бекемдөөчү, өз ара сый-урматта болууга үндөгөн, адамзат үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулук катары эсептеп, тутунуп келебиз. Андыктан Курман айт мекендештерибиздин адеп-ахлагынын өсүүсүнө жана келечекке болгон ишенимдеринин бекемделишине өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Ушул жылга койгон таза ниет, ак тилектерибиз ишке ашаарына, көп улуттуу шаар калкы ынтымакта, биримдикте жашап, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө татыктуу салымдарын кошооруна ишенем.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн Кудайдын ыйык күнүндө баарыңыздардын аруу ой-тилегиңиздер орундалсын. Сиздерге бакубат өмүр, тынчтык жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалаймын. Жергебизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, бейпилдик орносун.
Айтыңыздар маарек болсун!
7-июлда Ош шаарынын бардык кичи райондорунда соода объектилеринин, жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке сектордун жанындагы таштандыларды чыгарууну нормага келтирүү боюнча пландык рейддер жүргүзүлдү. Ага Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Э.Кармышаков, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Исмаилов жана кызматкерлери, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, МАБ башчылары катышты.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга – таштанды контейнерлерине салуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анткени бир катар соода объектилери, жеке адамдар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарып, санитардык нормаларды да, шаардын көрүнүшүн да бузуп жатышат.
Таштанды чыгарууда нормаларды бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу турак жайлардын аймагында таштанды контейнерлеринин милдеттүү түрдө болушу боюнча маселе көтөрүлдү.
Бүгүн, 6-июлда башкы, улук жана кенже муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлардын резервине кабыл алуунун аңгемелешүү этабы болуп өттү.
Тестирлөөнүн биринчи этабына 74 адам катышып, анын ичинен 30 адам жетиштүү балл алган. Бул талапкерлерге кесиптик ишмердүүлүгү боюнча суроолор берилди.
Бүгүн, 5-июль күнү Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин бюджеттик комитетинин төрагасы Эсенбек Арзиев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ак ниет эмгеги жана салык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Куттуктоо сөзүндө М.Исаев Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан салык кызматкерлерин куттуктап, кесип ээлеринин оор, жоопкерчиликтүү ишин, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө кошкон салымын белгиледи.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 6 айында шаардык салык кызматы тарабынан 583,5 млн. сомдук салык жыйналып, коюлган пландык тапшырма 104,3 % же 24,2 млн. сомго ашыгы менен аткарылды.
Бүгүн, 5-июль күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду. Калаа тургундарын вице-мэр Жасур Азимов мэриянын бөлүм башчылары менен бирге кабыл алып, маселелерин укту. Жарандар социалдык көйгөйлөр, материалдык жардам алуу, документ иштери менен кайрылышты. Ар бир көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Ош шаарынан келген делегация “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышына арналган салтанатка катышты. Белгилей кетсек, эл аралык программанын ачылышы шаардын негизделген күнүндө болуп өттү.
Делегациянын курамында Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кушбак Шайиев жана Эмилбек Раимовдор бар.
Иш-чаралар “Улут жолу” түнкү этнофестивалы менен башталып, анын ачылышына КР Президенти Садыр Жапаров катышып, Каракол шаарынын тарыхый орчундуу мурастарын, маданий көп түрдүүлүктүн байлыгын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө вице-мэр В.Рыскулова эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн, туризмди өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын, эки шаардын жаштарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Э.Джумаев эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды колдоду. Андан соң Каракол шаарынын тарыхый кооз жерлерине экскурсия менен маданий программа уюштурулду.

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });