Тарых жана маданият
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Тарых жана маданият

Тарых жана маданият (126)

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурулган чоң программадагы концерттик иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Маданий салтанатка КРнын Премьер-министри Сапар Исаков, Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Акрам Мадумаров, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары, коноктору жана жаштар келип, күбө болушту.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Эгемендүүлүк күнү Кыргызстан үчүн эбегейсиз мааниси чоң майрам экендигин баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын алуу үчүн кылым кезген жол бастык. Биздин элдин кайратмандыгы, эрктүүлүгү, сабырдуулугунун арты менен саясий жана экономикалык кыйын кырдаалдарды жеңдик. Учурда мамлекетибиз көз карандысыз, деморктиялык, экономикалык жактан гүлдөп өсүп жаткан өлкө”,- деди С.Исаков.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп, учурда Кыргызстан- дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун таба алгандыгын белгилеп, анын ичинде Ош шаары да жыл өткөн сайын өсүп өнүгүп жаткандыгына токтолду. Ошондой эле, мындан ары да шаардын эли эркиндиктикте, тынчтык ынтымактуулукта бейпил турмуш кечирүүсү үчүн баардык иш аракеттер жумшалат деп кошумчалады.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында борбордук аянтта улуу тарыхты, ата-бабалар басып өткөн жолду чагылдырган таетрлаштырылган көрүнүштөр орун алды. Ошондой эле белгилүү эстрада жылдыздарынын, бий топторунун коштоосунда концерттик программа болду. Андан соң, майрамдык фейерверк атылып, жаштар үчүн бий кечеси менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун адам күбө болду.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт. Баарыңыздарды бул салтанатка чакырабыз.

9.00- 10.00 Жаштардын майрамдык авто жүрүшү (Борбордук аянтта башталат)

10.00 - «Алымбек Датка» этнографиялык борборундагы «Күнөстүү Кыргызстан» темасындагы профессионал сүрөтчүлөрдүн жана балдардын сүрөт көргөзмөсү;
- шаардагы жогорку окуу жайлардын жана кесиптик лицейлердин студенттеринин катышуусундагы инновациялык табылгалардын көргөзмөсү

10.30 «Түбөлүк от» мемориалдык эстелигинин алдындагы аянтта «Ош - байыркынын издери» аттуу кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү

11.00. Сүйүү паркында (Мээрим) Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Ош шаардык башкармалыгынын майрамдык "Ыр кесеси"

11.00 "Сүйүү паркында" (Мээрим) Кыргыз күрөшү боюнча таймаш болот. Ошондой эле кечке чейин майрамдык иш-чаралар улана берет.

19.00 баштап борбордук аянтта "Түбөлүк тур, эгемендүү Кыргызстаным!" аттуу маданий-массалык салтанат болот.
20.00 Борбордук аянттагы салтанаттуу аземдин расмий ачылышы

22.00 Жаштар кечеси эстрада ырчыларынын катышуусунда

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен, Туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, меймандар жана чет өлкөлүк туристтер катышты. 

Алгач түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрүштү.

Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтоду. Аларды шаар мэри аксакалдар менен бирге кербен сарайдын кире беришинде тосуп алышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. -“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын , улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - деди А.Кадырбаев. 
Иш-чара андан ары сейил бакта уланып Оштун ашпозчулары жасаган тамак-аштар, жер-жемиштер жана дүйүм-тамактар, чыгыштын түрдүү чайлары, “Ош базарындагы” кол-өнөрчүлөрдүн кол-өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүп, конокторго шаарыбыздын жана жергиликтүү элдин тарыхы, салт-санаасы жана тамак-аш жасоо ыкмалары тууралуу баяндалды. Ага улай “Этно-Ош” фольклордук тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актерлору “Кыз узатуу” улуттук салтын, “Бабур” атындагы өзбек драма театры “ Жар- жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле, коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты жана “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду.

Айта кетсек, “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлдү.

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышып, эс алып кайтышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров көп жылдар бою кароосуз калган жай шаардын көйгөйлөрүнүн катарында болгондугун, бирок учурда кооз жайга алангандыгын билдирип, эс алуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

“Элге кызмат кылып, шаардын көркүнө көрк кошуу аракетин көргөн патриот жигиттерибиздин бири дал ушул жайды гүлдөтүп, шаардыктар үчүн бир маанилүү эс алуу жайларына айландырам деген эле, бүгүн тилеги ишке ашып сүйүү багына айланып олтурат. Мындан көп жыл мурун башка жеке ишкерлер алып, бирок кароосуз калып кеткен. Биз алардын келишимин четке кагып, башка инвесторго 5 жылдык мөөнөт менен бердик. Учурда “Сүйүү” багы Ош шаарындагы эң көрүнүктүү эс алуучу жайларынын катарын толуктап жатат”, - деди З.Аскаров.

Ал эми эс алуу жайдын жетекчиси Ульфат Досбаева 2 жыл бою өз колу менен эс алуу жайды жашылдандырып, көрктөндүрүп, 15 миллион сомго жакын акча каражатын жумшагандыгын билдирди. Ошондой эле, жалпы адам баласы бактылуу болсун деп бактын айланасын сүйүү дизайнында жасалгалаган.

Алыскы Кара-Суу районунан келген Акмөөр Артыкова балдары жана бир туугандары менен сүйүү багынын ачылышына атайын келгендигин айтып, Ош шаары гүлдөп өнүгүп жаткандыгы кубандырып, жетекчилерге, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ачылуу аземи эстара жылдыздарынын, фолькулордук топтордун концерттик программасы менен коштолуп

Белгилей кетсек, аталган жай мурун “Жаштык” деп аталчу, реконструкциядан соң, сүйүү багына айланды. Оргумалар (фонтан) калыбына келип, жаш көчөттөр отургузулуп, гүлдөр менен кооздолгон эс алуу жайы баардык шаардыктарды күтөт. 

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапшырылды. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

Шаар башчысы эненин атын сыймыктануу менен атап, баркына жетүү ар бир инсандын милдети экендигин айтып, энелердин коомдогу, жашоодогу ордун баса белгиледи.

  “ Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет.  Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында,андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жаратылбаптыр. Ата-энебизди сыйлап, урматтап туруу, алардын батасын алып, көз жашын агызбай кароо биздин түздөн түз милдетибиз”,- деди А.Кадырбаев.

Ал эми 33 жаштагы Айжаркын Ыдырысова өткөн жылы “Эне даңкы” медалын алса, быйыл “Баатыр эне” орденине ээ болуп, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

“3 уул, 4 кыздын энесимин. Көп баланын энеси болуп, аларга мээрим төгүү мен үчүн эбегейсиз зор бакыт. Апаларга бүгүн кубаныч тартуулап жаткан Президентке, шаар мэрине терең ыраазычылык билдирем”,-деди А.Ыдырысова.

Белгилей кетсек, бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада 37 энеге “Баатыр эне” ордени жана 27 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды.

Жалпысынан Ош шаарында 700гө жакын баатыр эне бар. Ошондой эле, 300дөн ашуун эне “Эне даңкы” мадалына ээ. 

 

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын артистери  “Жайдары келин” спектаклын шаардыктарга тартуулашты. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов келип катышып, сөз сүйлөп, достукту жана биримдикти чыңдаган бул кадамдар үчүн уюштуруучуларга жана театрдын артистерине ыраазычылык билдиришти.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев кыргыз-өзбек мамилеси кылымдар бою  достукта сакталып келгендигин билдирип, келечекте коңшу Өзбекстан мамлекети менен маданий-гуманитардык тармакта гана эмес, соода-саттык, экономикалык багытта да алака жандана тургандыгын белгилеп өттү.Ошондой эле, чек ара маселелери чечилип, көп жылдык мамилер калыбына келет деген ишеними чоң экендигин кошумчалады.    

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңешинин атынан Мукими театрынын жетекчиси, өзбек элинин артисти, киноактер Миразбек Азизовго белектер тапшырылды.

Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын артистери 15тен ашуун артистери Ош шаары жана Ош облуснунун райондорунда бир апта “Жайдары келин” спектакли менен гостролдо болушат. 

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-дастанчы, акын, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык маарекесине арналган иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты.
Шаар мэри Ж.Алыбаевдин кыргыз искусствосундагы ордун, анын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, 70 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Ошондой эле, А.Кадырбаев Ош шаарынын мэриясынын атынан маареке ээсине 100миң сом ыйгарды.

Майрамдык кече, белгилүү комузчу, аткаруучулардын, Ж.Алыбаевдин окуучуларынын, эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты.     

 Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктады.

      -“Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды  бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Энелер жөнүндө кандай гана алкоо, кандай гана мактоо айтпайлы сиздер ага татыктуусуздар.  Эне үйдүн куту, турмуштун туткасы, дешет элибизде. Сиздер ажарлуу жүзүңүздөр, айкөлдүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана туруктуулугуңуздар менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келесиздер.   Бул салыштыруулар жөн гана кооз сөздөр эмес, турмуш чындыгы экендигин эч ким тана албайт”, - деди А. Кадырбаев.

  Майрамдык иш-чаранын негизинде 1000ге жакын энелерге баалуу белектер тапшырылып, Улуттук Филармониянын ырчылары,КРдин Эл артисттери Саламат Садыкова, Султан Каримов жана башка эстрада жылдыздарынын, "Ак Марал" бий тобунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жана  Ош шаарында  Корея маданиятынын айын өткөрүү боюнча  сүйлөшүүлөр болду.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Ош шаарында корей тилин өздөштүргөн жаштар арбын экендигин айтып, маданият айы ийгиликтүү өтө тургандыгын кошумчалады.

“Ош тарыхка бай шаарлардын катарын толуктайт. Учурда 50дөн ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашап келет. Акыркы мезгилдерде корей тилин үйрөнүп жаткан жаштар көп. Андыктан корей маданиятынын айы өз жемишин берет деп ишенем. Ал эми Ош шаарынын мэриясы элчилик тарабынан демилгеленген иш-чараларды колдоого даяр”, - деди З.Аскаров.

Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху билим берүү, айыл-чарбасын өнүктүрүү багытында түрдүү долбоорлор, семинарлар ишке ашып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле, мындан ары экинчи борбор шаарда да элчилик тарабынан түрдүү иш-чаралар уюштурулуп тураарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Корей маданиятынын айында төмөнкү иш-чаралар өтөт:

-          28-апрелде 17:00до Бабур театрында корей кинотасма фестивалынын расмий ачылышы;     (27-28-апрелде 17:00дон 20:00го чейин, кирүү акысыз)

-          29-апрелде саат 14:00до ОУДТда корей тилиндеги ырлар жана бийлер сынагы;

-          11-майда 14:00до ОшТУда корей тили боюнча оратордук сынак; 

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышып, анда бир катар номинациялар боюнча дипломдорго ээ болду. 

 

Улуттук тамак-аш сынагынан баш байгени алса, боз үйдү ылдамдыкта тигүү боюнча шамдагай жигиттердин сынагы, салттуу кийимдер жана башка кароо сынактардан биринчиликти ээлешти. Ошондой эле экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мыкты даярдык көргөндүгү үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясына экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү катышып, кыргыз элинин байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кайталангыс салт-санаасын дүйнөгө даңазалоо ишине кошкон салымы үчүн өкмөт башчынын диплому берилди.

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз элинин бай тарыхын даңазалап, көчмөн элдеринин достугун бекемдейт деп айттып өттү.

 

Көчмөндөр ааламындагы Ош шаарынын ордосу Улуу Жибек Жолу базарын уюштуруп, анда ууз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин, усталардын өз колдорунан жасалган буюмдары көргөзмөгө коюлду. Ак тандай акындардын айтышы, манасчылардын өнөрлөрү бааланып, байыркы Оштун басып өткөн тарыхы көрсөтүлдү.

 

Страница 9 из 9

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });