Тарых жана маданият
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Тарых жана маданият

Тарых жана маданият (126)

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала концерти менен жыйынтыкталды. Ага  жалпысынан Кыргызстандын жети облусунан келген 43 чыгармачыл топ катышып,  элдик ырларды жалпы келген көрүүчүлөргө таттуулашты.

Белгилей кетсек,  бул иш-чара “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алагында Кырыгыз телевидениясынын 60 жылдыгына арналып  Коомдук телерадио корпорациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Телефестивалдын Гран-Приси  Ыссык-Көл облусунан келген “Ыссык-Көл ажары” чыгармачыл тобуна тапшырылды.

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш-чара Коомдук телерадио корпорациясы менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев өз сөзүндө телефестивалдын улуу тарыхы бар, ордолуу Ош шаарында өтүп жаткандыгы өзүнчө бир чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында, элдик таланттардын өнөрлөрүн коомчулукка жайылтып, Ош шаарынын маданий мурастарын даңазалоого салым кошуп, Кыргызтелевидениясынын 60 жылдыгына арналган телефестивалдын  уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.  

Салтанаттын жүрүшүндө  аялдардан түзүлгөн 28 чыгармачыл топго жана Коомдук телерадио корпорациясынын уюштуруучуларына шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев тарабынан Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыктары тапшырылды

Ошондой эле, Коомдук телерадио корпорациясы  тарабынан 14 чыгармачыл  топ диплом менен сыйланып, 9 топ “Шайыр апалар” телефестивалынын лауреаты болду. Мындан тышкары 1, 2, 3 орунду камсыздаган коллективдер диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Сыйлоо аземинин алкагында 6 катышуучуга Кыргыз Республикасынын «Маданияттын отличниги» төш белгиси тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ыссык-Көл обусунун “Ыссык-Көл ажары” чыгармачыл тобу телефестивалда жеңүүчү аталып (Гран-При), 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Айта кетсек, “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында уюштурулган телефестивалга Кыргызстандын баардык район шаарларынан 500гө жакын чыгармачыл аялдар келип катышты.

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан курман болгондор, жабыр тарткандар эскерилди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулунун өкүлдөрү, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Атомдук станция жарылган соң ликвидацииялоого жалпысынан 114 адам Ош шаарынан барган. Азыркы тапта алардын 37 гана калды.

Вице-мэр Шакир Зулимов Ош шаарынын мэриясынын жана шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан апаатта каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрү жана катышуучулар мэрия тарабынан колдоого алына береерин белгиледи. Ошондой эле, алардын кылган эрдигин эч качан унутбай тургандыгын кошумчалап, кайтып келгендерге бекем ден соолук каалады.

Эскерүү  кечесинин алкагында,  шаардык мэрия тарабынан Чернобыль апаатынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берилди.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан. 

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар союзунун расмий делегациясын кабыл алды. Анда маданий иш аракеттерди, улуттар аралык мамилелерди  күчөтүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле, эки мамлекетте, эки элдин салт-саанасын, үрп-адаттарын жайылтуу багында түрдүү иш-чаралар өтүп жаткандыгы боюнча маалымат эки таратуу маалымат берилди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көп улуттуу эл жашаган Ош шаарында 13 диаспора  ишмердүүлүгүн жүргүзүп, даталуу күндөрдөгү маданий иш-чараларда өткөрүүдө салымы чоң экендигин белгиледи. Ал эми келген делегациянын максаты бир катар иш-чараларга катышууга ниеттенип жаткандгын Ош шаары ар дайым колдой тургандыгын кошумчалады. 

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жалпысынан 13 айыл камтылган, алардан өткөн жылы келип түшкөн протоколдук тапшырмалар менен алгач тааныштырылып, андан соң шаар башчысы Ош шаарында болуп жаткан ийгиликтер менен бөлүштү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайлангандан тарта шаардын чет жакаларындагы аймактарды өнүктүрүүнү негизги кадам катары белгилеп, айрым маселелерге эл менен жолугушуудан сыртткары, жеринде көрүп келет. Бул кадам акыркы үч жыл аралыгында көп көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгын калаа башчысы өз сөзүндө кошумчалады.

“Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы маселелерди жеринде көрүп, орчундууларын акырындык менен чечип келе жатабыз. Жапалактын айрым айылдарында жалпысынан 10 км жол асфальтталды. Тээке айылына чоң мектеп курулуп тапшырылды, Озгур айылына бала бакча, Пятилетка айылына бала бакча курулду. Учурда маал-маалы менен таза суу берилип жатат. Бул кадамдар дагы да болсо уланып Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы толугу менен таза суу менен камсыз болот”,- деди А.Кадырбаев.

Жыйындын жүрүшүндө кат  жүзүндө суроолор келип түшүп, жеринде жооп берилди. Алар таза суу, жол, канализация, жарандарды каттоо. Ошондой эле Коңур-Жаз көчөсүндөгү электр чубалгыларын жаңылоону РЭСке жеринде тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алды. Ал эми темир заводунун жабылгандыгын айтып, полигонду жылдыруу боюнча жер маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кат аркылуу суроого жооп берип жатып билдирди. Жалпы келип түшкөн каттар протоколдоштурулду.

Жапалактыктар Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге жана анын командасы жүргүзүп жатькан алгылыктуу иш аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.  

Айта кетсек, шаар башчысынын эл менен болгон жолугушуусунун тогузунчу айлампасы жүрүп жатат, бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.   

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумунда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташуу боюнча протоколго кол койушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүлөр жүрүп, 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу, туризм багытын өнүктүрүү, билим берүү, маданият жана башка багыттарда тажырыйба алмашуу менен бир топ жакшы ийгиликтер боло тургандыгын билдирип, Ош шаарынын мэриясы Ярославль шаары тарабынан өткөрүлө турган иш-чараларды ар дайым колдоого даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаары 16 шаар менен достук келишиминде. Алардын ичинен Россиянын Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарлары менен кызматташып келген. Мындан ары достук келишимине кол коюлган Ярославль шаары менен да кызматташат.

Айта кетсек, “Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумунда Ош шаары алты муниципалдык практика боюнча презентация кылды. 

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V- Эл аралык форуму башталды. Ага дүйнөдөгү 150гө жакын шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ишканааларынын өкүлдөрү катышып, Ошондой эле, алардын катарын Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган делегация да толуктайт.

Эл аралык форумда Ош шаарынын мэриясы коммуналдык чарба кызматтары, информациялык технологиялар, улуттар аралык мамилелер, социалдык саясат жөнүндө сөз кылмакчы. Алар:

- Ош шааарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иш аракеттер;

- Көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган түнкү жарыктандыруу;

 - Шаардыктардын көйгөлөрүн онлайн режиминде чечүү;

- Муниципалдык – жеке өнөктөштөр долбоорлору; - Улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана көзөмөлдөө боюнча комплекстүү чаралар;

- Жаштардын коомдогу орду, долбоорлорду ишке ашыруу багыты, баалуулуктарды барктоо, патриоттууулук боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор боюнча тажырыйбалар менен бөлүшүү; 

Форумдун эң негизги милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин чечүүдө шаарлардын ийгиликтүү башкаруу тажырыйбалары менен бөлүшүү, ошондой эле, шаарлардын муниципалитет жана Эл аралык деңгээлде оң позициялары болуп саналат.

“Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумуна КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Россия шаарларынын союзунун президенти Станислав Мошаров жана бир нече мамлекеттен келген өкүлдөр катышууда.

Форумдун алкагында Ош шаары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө алгылыктуу иш аракети үчүн “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды. Ал Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге тапшырылды.

Белгилей кетсек, мыкты муниципалдык практика форум алгач 2013-жылы Пенза шаарында өткөн жана Эл аралык статусун 2016-жылы алган. Эскерте кетсек , “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V- Эл аралык форуму эртен да уланат.

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду. Ага КРнын Премьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардын тургундары жана меймандары катышты.

Премьер-министр жайкы сахнанын кызыл тасмасын кесип, шаардыктарды жаңы курулуш объектинин ачылышы менен куттуктады.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары шаарда курулуш революциясы уланаарын билдирди.  

Иш-чаранын жүрүшүндө, профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн КРнын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Айта кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каржаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен Ленин  көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты.

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият башкармалыгы менен биргеликте жарыялаган кароо-сынактардын жыйынтыгы болуп, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Россия,Казакстан мамлекеттеринин Ош шаарындагы консулдары, шаардыктар жана келген коноктор катышты.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктап, иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттүү максатында уюштурулгандыгын белгиледи.

“Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Андыктан ырдап, бийлеп, манас айтып каада-салт, үрп-адаттарыбызды сактап, кийинки муундарга жеткирели. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын”,- деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын алкагында элдик кол-өнөрчүлөр ОУДТдин аянтына өздөрүнүн буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Аны менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардыктар менен биргеликте таанышып чыкты.

Алгач улуттук бий , манас айтуу, улуттук кийим, салттуу ырлар кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө чоң программадагы концерт тартууланып, андан соң шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акчалай сыйлыктарды, дипломдорду тапшырды.

Ал эми ыкчам Боз үй тигүүчүлөр кароо- сынагы боюнча биринчиликти “Алымбек Датка” этнографиялык борбору алып, 12 миң сом сыйлык алды.

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Россия,Казакстан мамлекеттеринин Ош шаарындагы консулдары шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү.

-“Нооруз” Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз күн менен түн теңелип, жылдар тогошкон улуу күндө жер айдап, үрөн сээп, жараткандан жакшылыктарды тилеп келишкен. “Нооруз”  дайыма жаздын, эмгектин,  биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары  майрамдалып келет.

Куттуу майрамда элибиз бири бирине аяр, боорукердик менен мамиле жасап, аз камсыздууларга жардам берип, кутман карыялардын батасын алууга умтулушкан. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып,  сүмөлөк кайнатып, бири – бирине ак  тилек,   таза сезимдерин билдирет.

Ушул жылы касиеттүү Кыргызстаныбызда анын  ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдиктин, тынчтыктын нуру чачып, элибиз  токчулукта, молчулукта бакубат жашоо кечирсин!  Жалпы кыргыз элин  кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болсун!”-деди шаар мэри А.Кадырбаев куттуктоо  сөзүндө.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Нооруз –элдик нарктын, баалулуктардын кайра жаралуусунун негизи!” аттуу театралдык оюн зоок жана чоң программадагы концерт болду. Анда, “Аталар мурасы”, “Энелер насааты”, “Жыл тогошуу”, “Нооруз” жөрөлгөлөрү” көрсөтүлүп, жалпы шаар жаштары, маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, белгилүү эстрада жылдыздары, бийчилер, искусство чеберлеринин катышуусунда концерт тартууланды. Ошондой эле,“Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге, жалпы майрамдын катышуучуларына  сүмөлөк таратылды.

Андан соң, Айыл-чарба техникумунун аянтында “Ыкчам боз үй тигүү” сынагынын финалы болуп,  ордо, аркан тартыш, тогуз коргоол улуттук спорт оюндары уюштурулду.

Ага улай, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Байыркы Ош баалуулуктары” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат, Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырган “Элдик кол-өнөрчүлөрдүн” сынак-көргөзмөсү уюштурулуп, ал Кыргыз элинин оозеки чыгармачылы боюнча өткөрүлгөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Борбордук аянттагы “Нооруз-2018” майрамына 10 миңден ашуун шаардыктар жана шаар меймандары күбө болушту.

Мындан сырткары, шаар ичиндеги  майрамдык аянттар, эс алуу жана  сейил бактар  майрам шаанисинде жасалгаланып калаа тургундары жана меймандары эс алышууда. Ошондой эле шаардын бардык аймактык  кеңештеринде сүмөлөк кайнатылып,   «Нооруз-2018» элдик майрамы көөнөрбөс каада-салттарга ылайык ыр бий, оюн-зооктордун коштоосунда өтүүдө.

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });