Тарых жана маданият
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Тарых жана маданият

Тарых жана маданият (126)

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. 

Анда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

А.Кадырбаев басма сөз маалымат алуунун,  коомдук пикирди түзүүнүн ийкемдүү куралы, анын руханий жана интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү катары жашообуздун ажырагыс бөлүгү экенин билдирип, катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.

-“Өлкөбүз өзүнүн Эгемендигине ээ болгондон бери массалык маалымат каражаттары   демократиялык баалуулуктардын шарапаты менен сөз эркиндигине жетишип, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө алды десек болот. Эл аралык эксперттердин, серепчилердин баамында да Кыргыз Республикасында басма сөз эркиндиги баарынан жогорку   тургандыгы байма-бай айтылып келе жаткандыгын баарыбыз билебиз. Кечээ эле тоталитардык системанын кучагынан чыга албай келген басмасөз бүгүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган, коомдогу оош-кыйыштарды ачык, тайманбай жазып, жалпы окурмандардын сынына сунуш кылган кубаттуу куралга айланды.  Бул иште  Сиздердин салымдыңыздар өзгөчө экендигин Кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан күндө өзгөчө белгилеп кетээр элем. 

Анткени, Сиздер  талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар. Журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле  учурда    аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү.  Ошондуктан журналисттин калеми   курч да, калыс да, акыйкат да болушун каалар элек”,-деди шаар жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаар мэри Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын  Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Айта кетсек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган.  Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаты Ашым Осмонов, маданият кызматкерлери келип катышты.

Алгач Ош шаарынын маданият башкармалыгы тарабынан аткарылган алгылыктуу иш аракеттер туурасында кыскача тасма көрсөтүлдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Республикалык, эл аралык маданий иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз экендигин белгилеп, майрамы менен куттуктады.

“ «Шайыр болбой эл болбойт» - деп элибизде айтылгандай ар бир улуттун, мамлекеттин жүзүн ача турган маданияты, маданиятты алып жүрүшкөн кызматкерлери экендиги талашсыз. Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрү менен элдин сүймөнчүгү гана болбостон мамлекеттин элчиси болушат. Ош шаарында, өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чараларда шаарда эмгектенип жаткан маданият кызматкерлери намысты алдырбай, патриотуулук менен кызмат кылып келе жатышат. Ош шаарынын мэриясы жасалып жаткан иш аракеттерди көмүскөгө калтырбай ар тараптан колдоп келе бермекчи. Маданият кызматкерлеринин кылган кызматы өзгөчө мактоого арзыйт”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, жыл сайын жергиликтүү бюджеттен маданият тармагына 8,5 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшала тургандыгын белгилеп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө маданияттын өсүп-өнүшүнө, элге ак ниет менен эмгек кылып өзгөчөлөнгөн 50дөн ашуун  маданият кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, маданият башкармалыгынын ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.  

Сыйлоо аземи Ош шаарынын маданият башкармалыгы  тарабынан даярдалган майрамдык чоң программадагы концерт менен уланды.

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди. “Жибек-Жолу” сейил багынын ачылыш аземине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, “МКР” ЖЧКсынын жетекчиси Гу Хуижун аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Айтмамат Кадырбаев шаардагы эс алуу жайларынын 99 пайызы үч жыл аралыгында толук оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн билдирип,  жеке менчикке өтүп кеткен парктар да муниципалдык менчикке кайтарылгандыгын белгиледи.

-“Жибек-Жолу”атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыгын шаар тургундары жакшы билет. Бак дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аз убакыт өтбөй муниципалдык менчикке кайтарып алып, реконструкцияны баштаганбыз. Учурда сейил бак толугу менен оңдоп түзөөдөн өтүп, шаардагы эң кооз жайлардын бири болуп калды”,-деди шаар мэри.

Эс алуу жайды оңдоп түзөөгө жалпы 4, 5 млн сом  сарпталып, анын ичинен Ош шаарынын мэриясы 2 млн, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” 1 млн, “МКР” ЖЧК тарабынан 1,5 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле, А.Кадырбаев сейил бакты реконсртукциялоодо көмөк көрсөткөн “МКР” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Гу Хуижунга ыраазычылык билдирип,  Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Аталган эс алуу жайдын жалпы аянты  9 619  чарчы метрди түзүп, курулуш иштери “Апсамат-Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.

Эске салсак, акыркы үч жылдын ичинде 10го чукул эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп шаардыктарга тапшырылган. Алар “Космонавттар”багы , Облустук китепкананын алдындагы сейил бак, “Жеңиш”, “Ата-Түрк”, БУУнун паркы, “Семетей”, И.Раззаков атындагы жана башка эс алуу жайлары.

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы болду. Ага мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, спортчулар жана тургундар катышты.

Иш-чаранын негизинде, президент жергиликтүүлөрдү жаңы Футбол академиянын ачылышы менен куттуктап, академияга 500 миң сом көрүндүк тапшырды.

Футбол академиясына Ош шаарынын мэриясы  4,0 га жер аянтын бөлүп, FIFAнын каржылоосу менен өткөн жылы курулуш иштери башталган. FIFA тарабынан академиянын курулуш иштерине  1 млн доллар бөлүнгөн.

Академия бардык стандарттарга ылайык бүткөрүлүп, анда админстративдик имарат, төрт кичи футбол аянтча, эки чоң футбол талаасы, чечинүүчү жай, унаа токтотуучу жай, күзөт кызматы жана башкалар менен камсыз болгон.

Бул жерде 80ден ашуун бала жатып,тарбияланып, футбол менен машыгат. Мындан сырткары, миңге жакын бала келип футбол менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Анда жаштардан мыкты футболчуларды тарбиялап чыгаруу максатында, Бразилия, Россиядан атайын машыктыруучулар келген.

Жаңы ачылган объектке белгилүү футболчу Асылбек Момуновдун ысымы ыйгарылган.

Асылбек Момунов кыргыз футболчусу, жарым коргоочу. Кыргызстандын “Алай”, “Алга”, Болгариянын “Хасково”, Өзбекстандын “Пахтакор”, Казакстандын “Кайнар” клубтарында ойногон. Ал 30 жашында,1996 жылы 29 мартта Алматы- Талдыкоргон жолунда автокырсыктан каза болгон.

Асылбек Момунов Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, Кыргызстан кубогунун 2 жолку ээси, 1993-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу аталган.

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылышы болуп, кызыл тасмасы кесилди. Кароосуз калган эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп, шаардыктардын эң кооз жайына айланган жердин ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, бир нече чет өлкөнүн шаарларына келген делегациялар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы эс алуу жайларынын 99% үч жыл аралыгында толук оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн белгилеп, жеке менчикке өтүп кеткен парктар да кайтарып алынгандыгын айтып өттү.

“И.Раззаков атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыгын шаар тургундары жакшы билет. Бак дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аймактын тургундары менен жолугушуу өтүп, дал ушул эс алуу жайын оңдоп берүү сунушун киргизишкен. Аз убакыт өтбөй муниципалдык менчикке өткөрүү иштери жүрүп, реконструкцияны баштаганбыз. Мына жашылдардыруу комбинатынын кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги менен эс алуу жайы Ош шаарындагы эң кооз жайлардын бири болуп, Ош шаарынын 3017-жылдыгы өтүп жаткан күнү шаардыктарга тапшырылды. Даталуу күнү ачылып жаткан эс алуу жайы тургундарга ар дайым жагымдуу маанай тартууласын. Эс алуу жайдын сметалык баасы 14 млн. сомду түзүп, тендердик баасы  8 млн. 421 миң болду”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, шаар мэри шаардыктарды эс алуу жайды жашылдардырып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзгөн кызматкерлердин эмгегин баалап, тазалыкты сактоого чакырды. Салтанаттуу иш-чара куттуктоо сөздөр менен уланып, конокторго жана шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, эс алуу жайдын жалпы аянты 21998 чарчы метр, оңдоп түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган. Курулуш иштери “Агым Прогресс”, “Мега ремонт”, “Ак-Ордо курулуш” ЖЧКлары тарабынан жүргүзүлдү.

Айта кетсек, акыркы үч жылдын ичинде 10го чукул эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп шаардыктиарга тапшырылган. Алар “Жеңиш”, “Ата-Түрк”, “Космонавттар”, “Семетей” жана башка эс алуу жайлары.

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары!

Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы.

Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип, шаардын чок ортосунда ыйык «Сулайман Тоосу» орун алган, шаарды аралап керемет «Ак-Буура» дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы.

Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм.

Ар бир элдин, мамлекеттин кастарлап, дайыма чыдамсыздык менен күткөн майрамы болот. Бул майрамды ар бир адам өзүнүн артта калган бир жылдагы өмүрүнө кайрылып, жакшылыгына кубана, кемчилигине өкүнүп, кийинки майрамга чейин аларды кайталабоого аракеттенет. Бул адам баласынын табиятына мүнөздүү кадимки көрүнүш.

Анын сыңарындай Ош шаары, оштуктар быйылкы шаар күнүн эмгектеги ири ийгиликтери, жакшы саамалыктары жана жаңы демилгелери менен татыктуу тосуп олтурушат десем жаңылыштык болбойт. Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам шаардыктардын ынтымагы, биримдиги, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн ачык-айкын далили катары сезилип тургандыгы менен айырмаланып турат.

Жакшыны жакшы деп айтуу жан сергитээринен улам шаардын жетишкендиктери туурасында бүгүнкү майрам күнү учкай айтып кетүү ашыктык кылбайт.

Реалдуу сектордун өнүгүшү улам барган сайын туруктуу мүнөзгө ээ болууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү темпи акыркы үч жылда 31 пайызга өстү.

Күн санап шаарыбыздын инфраструктурасы жаңырып, курулуш индустриясынын жалпы көлөмү 2011-жылдагы 2 млрд. 973 млн. сомдон 2017-жылда 4 млрд. 928,0 млн. сомго чейин жетип, 65,7 пайызга өстү.

Акыркы үч жарым жылда жалпысынан 700 орундуу жети бала бакча, 740 орундуу эки орто мектеп, бокс интернаты, 3 ФАП, 1 ФОК пайдаланууга берилди.

Учурда 2580 орундуу жети мектептин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 775 орундуу эки мектептин курулушу ушул жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 150 орундуу заман талабына ылайык оорукана курулууда.

Ошондой эле FIFAнын каржылоосу менен футбол академиясынын курулушу аяктап калды. Ушул эле мезгилде тышкы инвестициянын көлөмү 14,0 млрд. сомго жетти.

Дал ушунун өзүн шаардыктардын эмгекчилдигинин, мээнеткечтигинин, элибиздин нарк-насилин, улуттук ар-намысын бийик сактап, келечекке ишенимдүү кадам таштагандыгынын ачык-айкын көрүнүшү деп айтууга негиз бар.

Сиздердин, урматтуу шаардыктар, мына ушундай бийик сапаттарыңыздар, өнүгүүнүн туура жолун тандап алган көрөгөчтүгүңүздөр жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазылыгыбызды билдиребиз.Буюрса, биз тандап алган багыт жакынкы келечекте экономикасы өнүккөн, элинин маданияты, нарк-насили бийик, Орто Азия чөлкөмүндөгү адам суктанган шаарга алып бара турган жол экендигинен күмөн саноого болбойт.

Буюрса, элибиз аман турганда биз ушул максаттарыбызга жетебиз.

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун.

Майрамыңыздар менен!

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө.

Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок, белгилүү ырчы, бийчилердин коштоосунда концерттик программа тартууланды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, легендарлуу парламенттин депутаттары, бир нече чет өлкөлүк шаарлардын расмий делегациялары, шаар тургундары жана меймандары катышты.

А.Кадырбаев Ош шаарынын жетишкендиктерин баса белгилеп, жалпы элди шаардын  3017 жылдык майрамы менен куттуктады.

-“Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон  ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы. Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип,  шаардын чок ортосунда ыйык «Сулайман Тоосу» орун алган, шаарды аралап керемет    «Ак-Буура» дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы. Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм.

Ош шаары, оштуктар быйылкы шаар күнүн эмгектеги ири ийгиликтери, жакшы саамалыктары жана жаңы демилгелери менен татыктуу тосуп олтурушат десем жаңылыштык болбойт. Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам шаардыктардын ынтымагы, биримдиги, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн ачык-айкын далили катары  сезилип тургандыгы менен айырмаланып турат”,-деди шаар мэри.

Ошондой эле, майрамдын алкагында Ош шаарында кызмат көрсөтүп жаткан бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, кесип ээлери майрамдык параддан өтүштү.

Айта кетсек, шаар күнүндө  “Ош Агро -II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү, “Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.
И.Раззаков атындагы  эс алуу багынын ачылышы болуп, майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт.

Майрам кечкисин, борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада  ырчы, бийчилердин жана фольклордук топтордун катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталат.

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор келип катышты.

Айтышка жети облустун алп акындары катышып,  Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым каарыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акын элдин элчиси экендигин айтып, бул өнөр кылымдар бою көчмөн элдерде жашап келгендигин белгиледи.

“Акын-чындыкты ыр саптары аркылуу төгүп бетке айткан, жамандык-жакшылыкты, сулуулукту даңазалаган адам. Тилинде накыл сөзү менен элди ынтымакка чакырып, жакшы маанай тартуулаган адам. Бул талант туубаса боло тургандыгын жакшы билебиз. Сөзгө чечен, кепке бай адам гана акын боло алат. Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган «Ак таңдай -2017» айтышына келип катышып, шаардыктарга жана конокторго төгө ырдап бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”, -деди А. Кадырбаев.

Белгилей кетсек, республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышына кыргыз эл акыны Рахматтулла Козукеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Нуралиев, акын Жыпар Арзымаматова, төкмө акын Шамырбек Тургунбаев, төкмө акын Калык Сатымкулов, маданияттын мыктысы Мамел Исраилов, КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев, “Ак таңдай” акындар ордосунун негиздөөчүсү Абдибали Акимбеков катышты.

Айтыш соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлыктарды  тапшырды. Мындан тышкары, акындардын арасынан элдин добушу менен жеңип чыккан эки акынга 15 миң сомдон дагы кошумча акчалай сыйлык тапшырды. Алар Кара-Кулжа районунун акыны, маданияттын мыктысы Жыпара Арзымаматова жанан КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев болду.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларга чакырабыз!

Шаарыбыздын 3017-жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын программасын сунуштайбыз.

4-октябрь

“Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу маданий-массалык иш-чаралар.

1. Мүмкүнчүлүгү чектелүү өспүрүмдөргө жана үй-бүлөлөргө арналган “Баарына бир дүйнө” кайрымдуулук-маданий акциясы. саат 10:00 -14:00 « Нур» кинотеатры (болж.УВД)

1) Адал жарманкеси. Ош драма театрында. Башт.саат 10:00

2.“Атам, апам жана мен - ынтымактуу үй-бүлө” аттуу музыкалык-спорттук мелдеш. саат 11:00-13:00 (“Светочь” мектебинин спорттук аянты)

3.Ош шаарынын орто мектептеринин арасында “Баарыбыз бирге” аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу 
саат 12:00–16:00 №52 орто мектеби (Ак Тилек)

4. “Исхак Раззаков” атындагы эс алуу багынын ачылышы 
Башталышы: саат 17:00 (болжол: "Каныкей" рест)

5. Республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышы 
Башт:саат 18:00 ОУДТ (кирүү акысыз)

 

5-октябрь.

Шаар күнүнүн алкыганда өтүүчү иш-чаралар

1.Ош шаарынын күнүнө чакырылган расмий конокторду тосуп алуу аземи саат: 08:30- 09:30 (Ош шаардык кеңешинин жыйындар залы)

2. “Ош Агро- II” айыл-чарба Форумунун расмий ачылышы.
саат 09:00 (Мэриянын кичи жыйындар залы)

3.Ош шаарынын күнүнө карата салтанаттуу аземдин ачылышы. 
саат 10:00-12:00 Борбордук аянт

4. “Ош Агро -II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү.
саат 12:00 -12:30 Салтанаттуу ачылыш (болжол "Өчпөс от")

5.“Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.
саат 12:30 – 13:00 (Айыл чарба техникумунун аянты)

6. “Жибек Жолу” эс алуу багынын ачылышы 
саат 14:30 – 16:00 (болжол "Дархан" чайканасы)

7.Ошондой эле майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт. Убактылары: саат 14:00-16-00

8.Ош шаарынын күнүнө арналган Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусундагы гала концерт. 19:00-22:00 (борбордук стадион)

 

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында күч сынашкан спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды бүгүн, 29-сентябрда Ош Эл Аралык аэропортунан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчулардын жакындары, күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты.

З.Аскаров спортчуларды жеңиши менен куттуктап ийгиликтерди каалады.
Азиадага Ош шаарынан барган спортчулар жалпы 8 медаль алып келишти. 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло.
Күжүрмөн самбо боюнча
I-орун- Райымкул уулу Бекназар
II-орун- Афтандил уулу Ороз
III-орун- Маматемин уулу Салмурбек
III-орун- Мусабаев Максат 
Аялдар арасында бел боо күрөшү боюнча
II-орун -Алтынай Мамарасул кызы
Аялдар арасында Алыш күрөш боюнча
I-орун -Алтынай Мамарасул кызы
II-орун- Мизамидин кызы Мээрим
Эркектер арасында Алыш күрөш боюнча 
III-орун- Аширов Ороз.

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });