Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Тынымсыз жааган кардан улам, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, шаардын бардык муниципалдык кызматтарына жолдорду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштерин күчөтүү тапшырылды.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тийиштүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көзөмөлгө алууда. Анын жүрүшүндө С.Жунусбаев Ош шаарынын жетекчилиги жолдорду кардан тазалоо боюнча абалды көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, бардык кызматтарга өздөрүнө тапшырылган жол тилкелерин тазалоодо бири-бири менен эриш-аркак иштөөнү тапшырды.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын жолдорун тазалоо иштерин Ош-Тазалык, ДЭП-21 ишканалары, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, Ош шаардык жолдор башкармалыгы аткарат.
Бүгүн, 10-январда Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы К.Ташбаев атындагы шаардык борборлоштурулган китепкананын көйгөйлөрү менен таанышты.
Анын алкагында китепкана системасынын көйгөйлөрү, тагыраагы кызматкерлерге квартал сайын сый акы берүү, учурдагы административдик имаратты оңдоо, жаңы административдик имарат куруу, санариптештирүү үчүн жабдууларды сатып алуу маселелери талкууланды.
Бул маселелерди шаардын быйылкы жылдагы бюджетинин долбооруна кошуу сунушу киргизилет.

___________
Бүгүн, 9-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кыш мезгилиндеги жылуулук боюнча Штабдын жыйынын өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана кызматтардын жетекчилери күз-кыш мезгилиндеги жылытуунун жүрүшү, адистештирилген коммуналдык ишканалардын жолдорду тазалоого даярдыгы, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардагы көмүр запастары боюнча маалымат беришти. Билим берүү мекемелери офлайн режиминде да, онлайн режиминде да окууга толук даяр экендиги белгиленди.
Мэр болжолдонгон сууктан улам шаардын бардык муниципалдык кызматтары жана ишканалары күчөтүлгөн режимде иштөөсүн тапшырды.

Бүгүн, 2-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана жаан-чачын, сел учурунда ичүүчү суунун дебитин көбөйтүү максатында эски скважиналарды калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышты.

Калаа башчы Сай-Бою көчөсүнө барып, андагы иштебей турган эски скважинаны калыбына келтирүү иштерин көрдү.

Мэр Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына скважинаны реабилитациялоо (тазалоо иштери, насосту алмаштыруу) иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүнү тапшырды. Аны менен катар суу түтүктөрүн куруу жана линияга туташтыруу иштерине даярдык көрүү жагы белгиленди.

Ош шаарында иштебей турган эски скважиналарды калыбына келтирүү, ошондой эле жаңы скважиналарды бургулоо боюнча комплекстүү иш-чаралар пландалууда.

Ардактуу замандаштар!
Кадырлуу коноктор!

Жалпыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Өтүп бараткан жыл улутубуздун уңгусун бекемдөөгө, элибиздин көөнөргүс дөөлөттөрүн арттырууга, журтубуздун руханий баалуулуктарын өркүндөтүүгө, эң негизгиси мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө багытталган жемиштүү, аракетке бай, үзүрлүү эмгектердин жылы болду десем жаңылышпайм.

Эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп жатып, ар бир инсан жыл ичинде жасаган эмгегин көз алдынан өткөрүп, өзүнө-өзү баа берип, ийгилигине кубанып, жаңы жылга жаңы максат, тилектерин алдыга коюп бекемдейт.

Мен да Ош шаарынын мэри катары жаңырган жылга шаардын өнүгүүсүнө, элибиздин турмуш шартын жакшыртууга багытталган максаттарды, тилектерди өз алдыма коюп жатам. Сиздердин колдооңуздарга таянып, келээрки жылдарда ишке ашыруучу көптөгөн масштабдуу долбоорлорду аткарууга ниеттерим бар. Ошол максаттарга жетүү үчүн сиздер менен биргеликте чечкиндүү иштерди улантып, өзүбүздүн бүтүндөй күч аракеттерибизди жумшап, адал эмгектерибиз аркылуу шаарыбыздын келечегине өз салымыбызды кошолу.

Урматтуу шаардыктар!
Кадырлуу коноктор!

Жаңы 2023-жылда ар бириңиздер бекем ден-соолукта болуп, үй-бүлөңүздөрдү ырыскы береке ыроолоп, бакубат жашоо коштосун!

Сүйүктүү шаарыбызда бактылуу инсандар жашап, тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүү орун алып, бейпил жашооңуздарга тилектешмин. Жаратканыбыз элибизге кут-береке, жергебизге оомат берсин!

Жаңы жылыңыздар менен!

Бакытбек Жетигенов,
Ош шаарынын мэри.

#Ош_мэрия
#Бакытбек_Жетигенов

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 15 миңге жакын адам чогулду. Саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Кечкисин шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттуктады.
Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты. Майрам фейерверктер менен коштолуп, жаштар үчүн ырлар жаңырды.
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Шаар тургундарына жана конокторуна "Келечек" балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда.
Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү башкармалыгы да майрамдык программа даярдаган.
Среда, 28 Декабрь 2022 04:54

ЖАРЫЯ

Автор

Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоого гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди түзүү жөнүндө буйругу жарыялайт


Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы                          № 85 “Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата Мамлекеттик соцмалдык заказ боюнча Программасын бетүү жөнүндө” токтомдун негизинде Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы                    № 558-б “Гранттык комиссия түзүү жөнүндө” буйругу бекитилди.

 

 

Рыскулова Венера-    Ош шаарынын мэриясынын вице-мэри, гранттык       

Кадышевна                комиссиянын төрагасы;

 

Закиров Нурлан -      Ош шаарынын мэриясынын социалдык

Акимжанович            өнүгүү бөлүмүнүн башчысы, гранттык комиссиянын

                                   төрагасынын орун басары;

 

Арзиева Айжаркын-  Ош шаарынын мэриясынын социалдык

Мамасалиевна            өнүгүү бөлүмүнүн башчысы, гранттык комиссиянын

                                    төрагасынын орун басары;

 

Гранттык комиссиянын мүчөлөрү

Атабаев Эрлан -            Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана Таирбекович                  инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Манасов Уланбек-       Ош шаарынын мэриясынын коргоо, коомдук тартипти

Абдылатович              сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо

                                    бөлүмүнүн жетектөөчү адис-юристи;

 

Суранов Эрнисбек-    Ош шаарынын мэриясынын башкы эсепчиси;

Равшанович

 

Абдуллаев Куттубек- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык

Абдибакыевич            камсыздоо жана миграция министирлигинин

                                     Ош шаардык башкармалыгынын башчысы;

Мажитов Равшан-       «Плюс центр» коомдук фондунун

                                      директору (макулдашуу менен);

Эшмуратова Зейнеп-   «Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү

Тажиевна                       борбору» коомдук фондунун директору

                                       (макулдашуу менен);

 

Джумашова Олмасхан-«Бирдей мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» коомдук

Таштановна                   фондунун директору (макулдашуу менен);

 

Кузнецова Лариса -«СмайлКейджи» коомдук фондунун директору

Владимировна         (макулдашуу менен).

 

Конкурс жарыяланган күнү: 2022-жылдын 24-декабры

 

  1. Мамлекеттик заказчынын аталышы: Ош шаарынын мэриясы

 

  1. Программанын аталышы: Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы

 

  1. Долбоордун максаты: Ош шаарында туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандарды коомго адаптациялоо, социалдык жардам берүү
  2. Долбоордун милдеттери: Туруктуу үй-жайы жок жарандарга социалдык жардам берүү
  3. Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Опурталдуу топтун өкүлдөрүнүн үй-жайы жоктугунан улам кыш мезгилиндеги тоңуп каза болуусу, документтерин калыбына келтирүү, майыптыгын белгилөө, медициналык жардамдарды көрсөтүү, тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү  ж.б. маселелерин чечүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Кыргызстанда үй жайсыздардын бирдиктүү маалымат базасы жок, бул жарандардын проблемаларына толук баа берүүгө, медициналык тейлөө жана майыптыкты белгилөө, пенсия жана жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө, ишке орноштуруу, материалдык жардамдарды берүү жана коомго кайтаруу үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүү мүмкүн болбой жатат.

Ошондуктан, жогорудагы аталган проблемалардын бирден-бир негизги чечүү жолу селсаяктарды реаблитациялоо, коомго адаптациялоо жана ар кандай социалдык, медициналык, юридикалык жардамдарды убагында көрсөтүү үчүн селсаяктар үчүн түнөк үйлөрдү ачуу. Бул жайды ачуунун негизги максаты – жашаган жери аныкталбаган селсаяктарды коомчулука аралаштыруу, пайдалуу эмгекке тартуу, тиешелүү санитардык –гигиеналык шарттарды түзүү, тиешелүү социалдык жардамдарды көрсөтүү ж.б.

  1. Максаттуу топтун сүрөттөлүшү: Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар, 60 дан кем эмес.
  2. Долбоорду аткаруу маалындагы өзгөчө шарттар: (мисалы, эгерде долбоорду муниципалдык менчиктин базасында аткаруу каралса, анда кандай шарттар менен)
  3. Гранттын максималдуу суммасы: 300 000 (үч жүз миң) сом.
  4. Администрациялык чыгашаларды каржылоонун максималдуу босогосу (гранттын суммасынан пайыздар менен көрсөтүлсүн): 20%
  5. Товарларды жана жумуштарды сатып алууга каржылоонун   максималдуу босогосу (гранттын суммасынан пайыздар менен   көрсөтүлсүн): 40 % .
  6. Долбоор ишке ашырылчу мөөнөтү: 2022-жылдын декабрь, январь, февраль, март (4 ай)
  7. Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар:

13.1  Конкурска Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) катыша алат.

13.2  Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банктык эсеби болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, анда ага конкурстун документтерин берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банктык эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.

13.3  Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары – консорциум) түзүп жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду жүзөгө ашыруудагы салымы так ажыратылууга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттене турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.

13.4  Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.

  1. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

14.1  Конкурска катышуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы.

Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

  1. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

15.1  юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

15.2  коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;

15.3  конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;

15.4  коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);

  1. долбоордук сунуш жана анын бюджети;
  2. коммерциялык эмес уюмдун:

17.1  салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;

17.2  коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;

17.3  Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин пункттарында каралган документтер тиркелүүгө тийиш;

  1. Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:

а) ачыктары, алар арыз ээсинин тандоосуна жараша Жарыянын                     23-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалардын бири менен же электрондук формада берилет:

- салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө арыз;

- өткөн жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;

-  коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынын маалыматтары);

         б) жабыктары (купуя) - долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар: мөөр басып чапталган конвертте берилет; же болбосо электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт.

15. Конкурсту өткөрүү убактысы, орду жана тартиби

Убактысы: 2022-жылдын 20-январы (коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кем эмес жана 30 календардык күндөн көп эмес болушу керек).

Орду: Ош шаарынын мэриясы, кичи залы.

Конкурс “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлөт.

Гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды өз алдынча баалайт же баалоо үчүн эксперттерди тартат. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.

16. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөттөрү

2022-жылдын 23-январы

17. Долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери

Долбоордук сунуштар төмөндөгү баалоо барагында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык бааланат:

18. Арыздын бланктарын алууга боло турган почта дареги: индекс 733500, Ош шаары, Ленин көчөсү 221.

Арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга болгон расмий сайттын дареги: www. oshcity.kg 

Арыздын бланктарын суратып алуу үчүн электрондук почтанын дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

19. Маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары:

Фамилиясы жана аты: Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү, Арзиева А.М.

Телефон номери: (03222) 5-50-66, 0558 93-90-33

Электрондук почта дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

20. Конкурска катышуу үчүн арыздарды жана документтерди төмөнкү дарек боюнча жиберүү керек:

Почта дареги: индекс индекс 733500, Ош шаары, Ленин көчөсү 221.

Электрондук почтанын дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. .

Расмий сайттын дареги: www. oshcity.kg 

 

Конкурска катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер арыз ээсинин тандоосу боюнча, төмөндөгү ыкмалардын бири аркылуу берилиши мүмкүн:

1) мамлекеттик заказчы аркылуу гранттык комиссияга берилет;

2) мамлекеттик заказчы аркылуу заказдык катты кабарлоо менен почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт;

3) электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө мамлекеттик заказчы аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт.

4) мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт.

 

21. Конкурска катышуу үчүн документтерди жана арыздарды кабыл алуу мөөнөтү.

Арыздарды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2022-жылдын 12-декабрь күнү, саат 17-00гө чейин. Эгерде арыз конкурс жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе, анда арыз ээси конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Квалификациялык тандоого катышууга арызда төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:

1) жеке ишкердин фамилиясы, аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;

2) арыз ээси көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүнүн сүрөттөлүшү;

3) жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү жана ал өз ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө негиз болгон документтин аталышы;

4) арыз ээсинин байланыш маалыматтары (почта дареги; жумуштагы, үйдөгү жана уюлдук телефондорунун номерлери; электрондук почтасынын жана Интернет-сайтынын (эгерде болсо) дареги);

5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН);

6) арыз ээсинин банктык реквизиттери.

2. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:

1) патенттин же мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

2) арыз ээсинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жак үчүн);

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалым каттар;

4) кызмат көрсөтүүгө лицензиянын же уруксаттын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланууга тийиш болсо же болбосо кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат зарыл болсо);

5) аккредитациядан өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (эгер уюмдун мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүргүзгөн иши аккредитацияланууга тийиш болсо);

6) арыз ээсинин персоналынын квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (зарыл болсо);

7) арыз ээсинин уюмунун штаттык тизмеси (зарыл болсо);

8) жабдуунун, имараттардын, транспорт каражаттарынын болушу жөнүндө документтер жана талап кылынган кызмат көрсөтүүгө арыз ээсинин мүмкүнчүлүгүн ырастоочу башка документтер (зарыл болсо). 

 

Коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсуна катышууга коммерциялык эмес уюмдардын консорциумунун
АРЫЗЫ

 

Арыз берүүчү тууралуу маалымат

  1.  

Консорциумдун атынан иштөөгө ыйгарым укуктуу уюмдун аталышы жана анын жетекчиси

 

  1.  

Ыйгарым укуктуу уюмдун жайгашкан жери (почталык дареги)

 

  1.  

Ыйгарым укуктуу уюмдун телефон/факс номери/электрондук почтасынын дареги

 

  1.  

Ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери

 

  1.  

Консорциумдун калган мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почтанын дареги

 

Сунушталуучу долбоор

 

Конкурстун темасы

 

 

Сунушталган долбоорлоо сунушунун темасынын аталышы

 

Тиркеме:

1) ___________________________________________

2) ___________________________________________

3) ___________________________________________

 

Ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчиси

______________________________
Уюмдун жетекчисинин аты-жөнү, колу

 

20__-ж. "__" ______________

арызга кол койгон күн

М.О.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2022-жылдын 26-декабрынан тартып Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Демилгечи: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы. 

Дареги: Ош шаары, Ленина көчөсү №318. 

Сунуштар жана сын-пикирлер үчүн байланыш телефон: (03222) 7-01-27.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });