Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында Төлөйкөн кичи районундагы №21 жана №23 үйлөрдүн жанында жаңы балдар аянтчасы ачылды.
Объекттин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, “Керме-Тоо” МАБ жетекчиси Жылдызбек Сактанов, кичи райондун тургундары катышты.
Балдар аянтчасы Ош шаарынын мэриясынын Кошумча каржылоо программасынын алкагында курулду. Кеткен каражаттын 50%ын жашоочулар чогултуп, калган бөлүгүн мэрия бөлүп берди.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жапалак” муниципалдык унаа базарынын иши менен таанышты. Анын алкагында кызматкерлердин маянасын жогорулатуу, базардын иштөө шарттарын жакшыртуу, дем алыш күндөрү жол тыгындарын чечүү, унаа базарына жанаша жайгашкан аймакты тегиздөө, жерлерди трансформациялоо сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.
Мэр унаа базарына кошумча жолдорду ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле кирешени көбөйтүү сунушунун алкагында 2023-жылга карата сезондук, жумалык жана күнүмдүк көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү берүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, унаа базардын жанындагы аймакка муниципалдык базар куруу боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүү тапшырмалары берилди.
Бүгүн, 21-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы бир катар социалдык мекемелердин иши менен таанышты.
Мэр Ош мамлекеттик университетинин карамагына өткөн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имаратына барды. Бул жерге жалпы аянты 20 000 м2 болгон 312 орундуу 7 кабаттуу жаңы заманбап имарат куруу пландаштырылууда.
Ошондой эле калаа башчы “Ак-Тилек” кичи районундагы жаңы шаардык клиникалык ооруканада болуп, инвесторлордун жардамы менен 250дөн ашык орундуу жаңы кошумча корпустун курулушу пландалып жаткан долбоор менен таанышты. Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга керектүү документтерди даярдоону жана бардык мамлекеттик органдар жана ведомстволор менен макулдашууну тапшырды.
Кыдыруунун соңунда мэр Ош шаардык билим берүү башкармалыгына барды. Анда мекеменин иши, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бакытбек Жетигенов Ошто шаардык ведомстволук жана муниципалдык кызматтар үчүн жаңы административдик имарат куруу пландалып жатканын, анда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына да жайлар бөлүнөрүн баса белгиледи. Бул маселе боюнча тиешелүү кызматтарга ишти баштоо тапшырмасы берилди.
Бүгүн, 17-декабрда вице-мэр Жасур Азимов жетектеген Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, “Манас-Ата”, Курманжан-Датка” МАБдарынын, шаардык жолдор башкармалыгынын, экология жана көзөмөлдөө кызматтарынын жетекчилеринен жана өкүлдөрүнөн турган комиссия тротуарларда, А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн астында башаламан соодага бөгөт коюу максатында рейдге чыгышты.
Рейддин жүрүшүндө базардагы жана ага жакын жолдордогу абалга өзгөчө көңүл бурулуп, чачкынды сооданы жоюу боюнча соодагерлерге тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өрткө каршы атайын техникалардын борбордук базарга жетүүсүнө тоскоолдуктар жаралбашы керектиги эскертилди.
Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга бул аймактарда башаламан сооданын пайда болушуна жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү тапшырмалары берилди.
Көпүрөнүн астындагы аймакка жакын жайгашкан жерлерге бетон блоктору коюлду. “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери чачкынды соода түйүндөрүн демонтаждоодон кийин көпүрөнүн астындагы таштандыларды чыгарышты.
Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.
Бүгүн, 16-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ошшаарсууканал”ишканасынын бир катар объектилерине: “Плотина” суу алуучу тосмосуна, “Озгур”суу тазалоочу станциясына барып, ал жердеги абалды көрүп чыкты.
Ошондой эле №7 насостук станцияга барып, шаардын ар кайсы кичи райондоруна 12 скважина уюштуруу боюнча сунушталып жаткан долбоор менен таанышты. Долбоор жаан-чачын, суу ташкындары учурунда тургундарга сууну үзгүлтүксүз жеткирүү маселесин чечүүгө багытталган. Андан сырткары калаа аймагында 40ка жакын скважина бар экени, аларды изилдөө зарылдыгы айтылууда.
Кыдыруунун жыйынтыгы менен Б.Жетигенов нөшөрлөгөн жамгырда калкты суу менен камсыз кылуу маселеси эң актуалдуу экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ишке ашыруунун алкагындагы аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.
Бүгүн, 16-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы жана жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы заманбап технологиялары менен таанышты.
Анын алкагында калаа башчы эскирген техникаларды утилизациялоо иштерин тездетүүнү, ошондой эле иштеп жаткан линияларга тийиштүү мониторинг жүргүзүү аркылуу коомдук транспорттун ишин жакшыртууну тапшырды.
Ишкананын жетекчиси Саибжан Турдуев билдиргендей, ишканада калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу процессин санариптештирүү жана эскирген жабдууларды кайра иштетүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүн, 15-декабрда мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Анын алкагында шаар башчысы Көкүмбий, Курманжан-Датка көчөсүндөгү объектилерди кыдырып, ошондой эле үлүштүк курулуш программасы боюнча курулуп жаткан Тилеке-Баатыр, Набережная көчөсүндөгү үйлөр менен таанышты.
Б.Жетигенов Ош шаарында суроо-талап көп болгондуктан, элге шарт түзүү максатында ипотекалык программанын жана үлүштүк курулуштун алкагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Муниципалдык ипотекалык ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу муниципалдык ипотекалык программанын алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоого даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.
Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына барды.
Ишкананын ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы менен таанышуунун алкагында мэр гаражды, күнөсканаларды, Кара-Кысмак участкасындагы гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүү иштери башталган питомникти кыдырып чыкты.
Б.Жетигенов келерки жылы шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Маалымат үчүн айта кетсек, ишкананын кызматкерлеринин жалпы саны 330 адамдан ашат, 26 атайын техника бар.
Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына барды.
Ишкананын ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы менен таанышуунун алкагында мэр гаражды, күнөсканаларды, Кара-Кысмак участкасындагы гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүү иштери башталган питомникти кыдырып чыкты.
Б.Жетигенов келерки жылы шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Маалымат үчүн айта кетсек, ишкананын кызматкерлеринин жалпы саны 330 адамдан ашат, 26 атайын техника бар.
Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү шаардык жана муниципалдык кызматтардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында болуп, анда 700 орундуу жаңы окуу корпусунун имаратынын жана 500 орундуу жатакананын курулуш долбоору менен таанышты.
Тиешелүү кызматтарга бардык керектүү объектилерди жана жайларды камтуу үчүн долбоорду деталдуу иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, мында футбол, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлар курулат. Курулуш иштеринин жалпы аянты 4,3 миң кв метрден ашык. Бул долбоордун үстүндө иш келерки жылы башталмакчы.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });