Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook

Бүгүн, 24-февралда шаардыктардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Курманжан-Датка” МАБынын “Солнечный” дачасына барып, тургундар менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү калк болуп жаткан кыйынчылыктар жана көйгөйлөр боюнча кайрылышты.

Буга ылайык, калаа башчы тиешелүү кызматтарга жана ишканаларга жарандарды тейлөөнү жакшыртуу, жергиликтүү калктын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды.

Тактап айтканда, маршруттук кичи автобустун линиясын жолдун аягына чейин узартууга, жарыктандыруу системаларын орнотууга, ички жолдордогу керектүү жерлерге электр мамыларын орнотууга, бир катар ички жолдорду тегиздөө маселелерине көңүл бурулду.

Урматтуу мекен сакчылары!

Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

Сиздерди Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн муундардын өз ара үзүлбөс байланышын бекемдеп, Мекенге берилип кызмат кылууга жана патриоттуулукка чакыруу менен ар бир элим, жерим деген эр жигиттердин каармандыгынын чаңылдырган өзгөчө күн катары белгиленип келет.

23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү – биздин тарыхыбыздагы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү өзгөчө майрам. Бул күндү салттуу “мырзалардын майрамы” деп да атап келебиз. Анткени Ата Журтту, куттуу конушту коргоо – байыртадан ар бир эр жигиттин ыйык парзы болуп келген.

Ошол эле учурда аскер кызматындагы жалаӊ гана мырзаларды эле эмес, бул тармактагы эже-карындаштарыбызды да куттуктайбыз, анткени армиянын күжүрмөн мээнетин камсыздоодо алардын да салымы чоң.

Аскер кызматкерлерин – Мекен коргоочуларын кадырлоо ар бир эгемен мамлекеттин ыйык милдети деп билебиз. Жыл сайын, Мекенди коргоочулар күнүндө ар намыстуулуктун жана мекенчилдиктин үлгүсү катары ардагерлерибизди жана Мекен сакчылыгында тургандарды да урматтап сыйлап келебиз.

Бүгүнкү күн бир гана жоо бетинде турган жоокерлерибизге эмес, бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуулга тиешелүү.

Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн Мекенибизде тынчтык болуп, мекен сакчылары бейпилдикте кызмат өтөөсүнө тилектештигимди билдирүү менен ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак жана бакубатчылык каалайм.

Ардагерлерибизге өрнөктүү өмүр, чың ден-соолук, узун өмүр тилейм. Ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөп, Мекенди сүйүүнүн каарман үлгүсүн көрсөтүп, кайраттуу жана күчтүү аскер болуусун каалайм!

Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч тилеп кетем!  

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Бүгүн, 22-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Сулайман-Тоо” МАБынын Кол өнөрчүлөр көчөсүнө барып, жергиликтүү тургундар жана аталган көчөнү реконструкциялоо боюнча демилгелүү топ менен жолугушту.

Калаа башчы бул көчөнү кол өнөрчүлөр устаканалары бар туристтик жайга айландыруу жана жолун оңдоо боюнча долбоордун сунушу менен таанышты.

Ага улай аталган көчөдөгү байыркы диний обьекттерге, анын ичинде Рабат Абдуллахан Жами мечитине барды.

Шаар башчысы тарыхый жайларды сактоонун маанилүүлүгүн айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кол өнөрчүлөр көчөсүн реконструкциялоо планы бар экенин, бул тарыхый жайлар туристтердин кызыгуусун арттырарын баса белгиледи.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун катышуусунда билим берүү башкармалыгы жана мектеп директорлору менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйында акыркы учурларда социалдык тармактарда талкуу жарткан мектеп директорунун туулган күнүнө карата акча чогултуу, билим беруу башкармалыгынын бухгалтериясында акчаны кымырып алуу сыяктуу окуялардын орун алуусу жана мектептерде ар кандай шылтоо менен акча каражаттарын топтоо маселелери каралды.

Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышып, мыйзамдуулуктун сакталуусу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча мугалимдерге так жана туура маалымат жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эскертилди.

Эгерде аталган маселелер боюнча фактылар катталып же кимдир бирөөнүн тиешеси бар экени аныкталса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтышты.

Ошондой эле билим берүүнүн сапаттын жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Бүгүн, 22-февралда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган иш-чара өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов да катышып, аскер кызматкерлерин куттуктады.

“Бүгүнкү күн бир гана жоо бетинде турган жоокерлерибизге эмес, бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуулга тиешелүү деп билебиз. Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн Мекенибизде тынчтык болуп, мекен сакчылары бейпилдикте кызмат өтөөсүнө тилектештигимди билдирүү менен ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак жана бакубатчылык каалайм. Ардагерлерибизге өрнөктүү өмүр, чың ден-соолук, узун өмүр тилейм. Ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөп, Мекенди сүйүүнүн каарман үлгүсүн көрсөтүп, кайраттуу, жана күчтүү аскер болуусун  каалайм”, - деди мэр.

Мындан сырткары аскер кызматкерлеринин Ата Мекендин чек арасын коргоого кошкон салымы баса белгиленип, татыктуу кызмат өтөө шарттарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды.

Мыкты кызматы жана жоокерлердин аскердик-патриоттук духун чыңдоого кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамоталары сыйланышты. Иш-чара шаардык майрамдык программа менен коштолду.

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” МАБынын Авиагородок кичи районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.

Анын алкагында бул аймактагы №42 “Жоогазын” бала бакчасын оңдоо, кичи районду инфраструктуралык өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

Калаа башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Аэропорт көчөсүндөгү №1 жана №2 үйлөрдүн ортосундагы балдар аянтчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана мындагы скверди иретке келтирүүнү пландоо тапшырмасын берди. Мындан сырткары, ички жолдорго щебень төгүү, көчөлөрдү жарыктандыруу жана таштандыларды тазалоо маселелери көтөрүлдү.

Бакытбек Жетигенов Аношина көчөсүнө да барып, тургундардын көйгөйлөрүн укту. Жергиликтүүлөрдүн канализация маселесин биргелешип каржылоо программасы аркылуу чечүү тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле жарандар эскирген электр мамыларын алмаштыруу, таштанды ташуучу унаалардын ишин иретке келтирүү маселелерин билдиришти.

Калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Статистика боюнча бул көчөдө 500дөй үй-бүлө жашайт.

Ош шаарында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мекеме-уюмдардын мырзалары арасында волейбол боюнча мелдеш башталды.

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев мэрдин атынан келе жаткан майрам менен куттуктап, турнирдин катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Турнирдин катышуучулары үч профессионалдык топко бөлүнүшөт. Биринчи топко шаардагы мекеме-уюмдардын, анын ичинде билим берүү тармагынын, саламаттыкты сактоонун, күч түзүмдөрүнүн жана аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери кирет. Экинчи топто жогорку жана орто атайын окуу жайларынын окутуучулары болсо, үчүнчү топту студенттер түзөт.

Турнирдин негизги максаты - республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн командаларды түзүү, сергек жашоого жана спортко үндөө, ошондой эле майрамдык маанай жаратуу болуп саналат.

Турнирге 37 команда катышууда. Мелдеш 21-22-февраль күндөрү өтөт.

Анын жеңүүчүлөрү Дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамоталары, дипломдору, кубоктору, баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.

Бүгүн, 21-февраль күнү ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Анын алкагында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн улуттук маданий борборлорунун көргөзмөсү өттү.
Ошондой эле студенттер менен бирге ар улуттун өкүлдөрү улуттук маданиятты, ырым-жырымдарды, каада-салттарды чагылдырган концерттик программа тартуулашты.
Белгилей кетсек, Ош шаарында Эл аралык эне тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында эне тилди өнүктүрүү максатында сынактар өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөр Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });