Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 01 Июнь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 01 Июнь 2022
Ош шаарындагы Дельфин бассейнинде 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сууга түшүү сезонунун ачылышы болду. Майрамдык иш-чаралардын алкагында “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулду.
Салтанаттын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, калаадагы мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.
Иш-чарага Ош шаарынын бардык балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынын тарбиялануучулары чакырылган (“Боорукердик”жана “Алтын уя” интернаттары, В.Терешкова атындагы “Лотос” мектеп-интернаттары жана башкалар). Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдары чакырылып, аларга акчалай сыйлыктар, белектер жана таттуулар салынган баштыктар тапшырылды.
Балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучуларына Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан белектер жана балмуздак, демөөрчүлөр тарабынан таттуулар, ширелер жана суусундуктар берилди.
Жалпысынан иш-чарага балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынан 400дөн ашык тарбиялануучу күбө болушту.
Мындагы майрамдык иш-чаралар Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Жарандардын кайрылууларынын негизинде жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасына ылайык бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Жапалак айыл аймагына караштуу Чүрпө айылынын тургундарынын суроолору менен жеринде таанышты.
Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттор үчүн каттам линиясын ачуу, таштанды чыгаруу сигналдык системасын киргизүү, суу менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында муниципалдык биргелешип каржылоо программасынын алкагында суу менен камсыздоо системасын жүргүзүү, ошондой эле таштанды чыгарууда сигналдык системасын киргизүү бүтүмүнө келишти.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов Ош шаарынын эң алыскы 224-кварталын электр энергия менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча шаар мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасынын аткарылышын текшерди.
Буйруктун алкагында 3 көмөк чордон орнотулуп, 2,5 чакырым электр чубалгылары тартылып, 90 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду. Долбоорлоо иштеринин сметалык баасы 4,2 миллион сомду түзүп, каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп саналат. Ошондой эле быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ушул кварталда жарандарды таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында 2,8 км суу түтүктөрүн тартуу, 26 скважина орнотуу, скважинаны бургулоо иштери пландалууда. Бул кварталда 200дөй үй бар.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Ж.Азимов бардык иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарууну тапшырды. Ошондой эле жарандар менен жолугушуу болуп, анда ушул кварталдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштар угулду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы майрамдык иш-чаралардын алкагында Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде салтанаттуу концерттик программа болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, калаадагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана шаар тургундары катышты.
Мэр А.Мамбетов балдар үйүнүн тарбиялануучуларын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу ар бир балдар майрамынын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.
“Балдар биздин келечегибиз. Аларды ар тараптан колдоо, жагымдуу шарттарды түзүү, туура багыт көрсөтүү биздин милдетибиз. Ош шаарынын мэриясы балдардын жашоо-турмушун, билимин жана өнүгүүсүн жакшыртуу багытында иш алып барууда жана мындан ары да жасай берет”, - деп белгиледи мэр.
Майрамдын алкагында шаардык маданият бөлүмү менен “Келечек” балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган кеңири концерттик программа тартууланды. Ошондой эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов балдар үйлөрүнө жана мектеп-интернаттарга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды. Мындан сырткары бүгүнкү майрамдык иш-чарада ар кандай сынактарда жеңүүчү болгон балдарга белектер берилди.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Алымбек датка” этнографиялык борборунда аркан тартыш, таяк тартыш боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүп, ойлоп табуучулардын көргөзмөсү уюштурулуп, балдар майрамга карата сүрөттөрдү тартып, белектерге ээ болушту.
Иш-чаранын жыйынтыгында майрамга келген бардык балдарга таттуулар жана балмуздактар таратылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Урматтуу биздин кичинекей достор!
Алардын сүйүктүү ата-энелери!
Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан бардык балдарды бүгүнкү 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Баладан артык бакыт жоктугун баарыбыз билебиз. Өмүрдө ар бир адам балалуу болуп, аларды татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирсем деген изги тилек менен жашайт. Бала үйдөгү шаң, кубаныч, жашоонун мааниси. Ал эми аларга таалим-тарбия берүү, билимдүү адам кылып чоңойтуу чоң жоопкерчилик.
Бүгүнкү күндүн балдары өзгөчө аракетчил, билимге, тил үйрөнүүгө кызыккан, жашоого жаңы көз караш менен караган балдар.
Биз улуулар ар дайым балдарды коргоого, кам көрүүгө, кыялдарына жетүүсүнө жардам берүүгө тийишпиз. Ар бир бөбөк ата-эненин, жакындарынын, мамлекеттин коргоосунда болуп, коркунучсуз күндөрдө жетилүүсү шарт. Өлкөбүздүн, улутубуздун келечеги дал ушул кичинекей жарандарыбыздын колунда.
Ош шаарынын мэриясы да балдардын кызыкчылыгын коргоо, алардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүү багытында иш алып барып келет. Мындан ары да шаарыбызды шаңга бөлөгөн балдарыбыз үчүн тийиштүү аракеттерди көрөбүз.
Бардык балдар бактылуу балалыкта, тынч заманда, жетиштүү турмушта жашасын!
Бүгүнкү майрамыңар кут болсун! Силерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайм! Келечегиңер кең болсун!
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });