Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, жергиликтүү тургундар катышты.
Анда Ош шаарынын мэри ачылып жаткан балдар бакчасы, Кыргызстанга үлгү болуучу деңгээлде курулгандыгын белгиледи.
“Жыл тогошоор мезгилинде жалпы Жапалак айылынын элине, ачылып жаткан балдар бакчасы шаар мэриясы тарабынан жаңы жылдык белек десем жанылышпайм. Мен жаңыдан мэр болуп шайланып, ишке кирип жаткан кезде, ушул жердин эли менен болгон жолугушуу учурунда балдар бакчасынын жоктугун белгилеген элеңиздер. Сиздердин талабыңыздарды орундатып бүгүн жаңы балдар бакчасын ачып отурабыз. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, өзүңүздөр билесиздер эки жылдан бери Амир-Темур аймактык кеңешинде 90 орундуу балдар бакчасын курулушу бутпөй турган экен. Анын баасы 45 млн сомго бааланган. Ал эми бул балдар бакчасы болсо ушул жылдын июнь айында курулушу башталып баасы болгону 22 млн 900 миң сомго бааланып, ага ички эмеректери, көрктөндъръъ, айланасын тосуу жана ичин жасалгалоо дагы киргизилген. Мындан бир-эки кън мурда президенттик жана өкмөттүн аппаратынан келген коноктор бул бала бакчасы Оштогу эле эмес жалпы Кыргызстанга үлгү боллорун белгилешти. Биз кыска аралыкта эң уникалдуу жана сапаттуу балдар бакчасын кура алдык. Мындан ары да мындай бакчалардан көбүн курууга аракет кылабыз”, - деди А. Кадырбаев.
Балдар бакчасы, 120 орундуу болуп анда ар бир тайпадагы балдар үчүн өзүнчө ажаат канасы, кийим коюучу жайлары жайгаштырылып, музыкалык, интерактивдүү кааналары, спорт залы кошо курулган.